24.kgге каршы иш токтотулуп, журналисттерди жумушка кайтып келүүгө уруксат берилди
Редакцияга финансылык документтер, жабдуулар жана уюлдук телефондор кайтарылды
24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу редакцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы тергөө башкармалыгы бир күн мурун билдирген.
Редакция ачылып, маалымат агенттигинин журналисттеринин уюлдук телефондору кайтарылып, кеңседе иштөөгө уруксат берилген. Ошондой эле, ИИМ 15-январда тинтүү учурунда алынган бардык финансылык документтерди кайтарып берди.
Эскерте кетсек, 15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg редакциясынын кеңсесине келишкен. Алар бир нече саат бою издөө иштерин жүргүзүшүп, документтерди, маалымат агенттигинин жабдууларын жана кызматкерлердин жеке телефондорун алышкан. Башкы директор Асел Оторбаева, башкы редакторлор Антон Лаймар жана Махинур Ниязова суракка алынган.
УКМК 24.kg сайтына тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин «Согушка үгүттөө» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.
19-мартта КРнын Юстиция министрлиги Алмас Турдуматовду 24.kg маалымат агенттигинин жаңы кожоюну катары каттады.
Сүрөт: www