Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Алымкадыр Бейшеналиевди мыйзамсыз баюуга айыптап, чыккынчы деп атады (видео)

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн парламентте комиссия түзүлөт

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу бүгүн парламенттин жыйынында КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупция, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы үчүн жана мыйзамсыз баюусу үчүн дагы бир жолу айыптады.

«Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөндө, арабызда чыккынчылар бар экени белгилүү болду. Анын ичинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да бар. Кантип кызматка келип, президенттин ишенимине кирип, анын атын сатып, саламаттыкты сактоо тармагын аркалап жатат», - деди эл өкүлү.

Бейшеналиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата операцияларды жүргүзүп, кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экенин дагы бир ирет билдирди. Коргонбай уулу министрди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга да айыптады.

«Ал тургай «Алтын Балалык» реабилитациялык борборунан үй эмеректерин да алып кеткен. Калган бөлүгүн дагы ташып берүүнү суранууда. Ошондой эле мүлк башчысы Ак үйдүн тосмосун Бейшеналиев иштеп турганда Алтын Балалыкка берген. Тосмонун бир бөлүгү орнотулуп, бир бөлүгү металлга сатылган. Мындан тышкары, анын уулу Ысык-Көлдөгү коттедждердин ээси болуп калганы тууралуу маалымат бар», - деди парламентарий жана бардык далилдерди укук коргоо органдарына берүүнү убадалады.

Депутат ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин кеңешчиси уюшкан кылмыштуу топтун лидери Дөө Чыңгыздын жакын адамдарынын бири экенин билдирди.

«Ренат Мавлянбай уулу азыр министрдин кеңешчиси. Ал эч качан мамлекеттик кызматта иштеген эмес, тиш техниги. Министрдин төрт орун басары болгонуна карабай, бардык ыплас иштерди, кадр маселесин да өзү менен бирге алып барат. Башкы дарыгерлерди, директорлорду дайындап жатканда Ренат аркылуу 20 миң доллардан 50 миң долларга чейин акча алып жүргөн», - деп белгиледи эл өкүлү.


Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында, парламентте КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, анын курамына эл өкүлү өзү да кирет.

Эске сала кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы тууралуу сөзүнөн кийин сотко кайрылганы белгилүү болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы эл өкүлүнүн сөзүн төгүнгө чыгарууну талап кылып, андан 10 миң сом материалдык жана моралдык чыгым өндүрүп берүүнү көздөөдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх