Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Чек арасыз кабарчылар” уюму “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдогон

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын парламенти бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алганын сындап, "бейөкмөт уюмдардын жана медианын ишмердүүлүгүн чектейт" деген билдирүү таратты.

Уюм Х (Твиттер) баракчасындагы билдирүүдө Орусиянын “чет элдик агент” мыйзамына окшош документ өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин белгилеп, Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосун” айтып келет.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынган.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат. (TSh)


Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх