Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн комиссия түзүлдү

Комиссияны Жусупбек Коргонбай уулу жетектеди

Бүгүн парламентарий Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын билдирген. Ал коррупциялык схема түзүп, министр кезинде ондогон мүлккө ээ болуп, мыйзамсыз байыганын айтып чыкты. Мындан улам ал министрликти текшерип чыгууну сунуштаган.


Комиссиянын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирди:
Жусупбек Коргонбай уулу — "Мекенчил" тобу;
Жалолидин Нурбаев — "Элдик" тобу;
Гүлшаркан Култаева — "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы;
Шарапаткан Мажитова — "Ынтымак" фракциясы;
Айсаракан Абдибаева — "Ишеним" фракциясы;
Исхак Масалиев — "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы;
Султанбай Айжигитов — "Ыйман Нуру" фракциясы;
Нилуфар Алимжанова — "Альянс" фракциясы.

Эске сала кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы тууралуу сөзүнөн кийин сотко кайрылганы белгилүү болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы эл өкүлүнүн сөзүн төгүнгө чыгарууну талап кылып, андан 10 миң сом материалдык жана моралдык чыгым өндүрүп берүүнү көздөөдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх