Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти. Делегациянын курамы

Кыргызстандын делегациясынын курамында 15 расмий адам бар

Садыр Жапаров Казакстанга расмий иш сапары менен учуп кеткенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

18-19-апрелдеги сапардын алкагында Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат.
Ошондой эле Астанада мамлекет башчыларынын катышуусунда Манастын эстелигинин ачылыш аземи өтөт. Мындан тышкары, бир катар маданий жана илимий иш-чаралар белгиленген.

Делегациянын курамы:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев;
  • билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
  • санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
  • президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардаңов;
  • президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев;
  • президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх