Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү жасады

15-апрелде №42 Протоколдун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлери Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жумушчу топторунун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Маалыматка караганда, 15-апрелде Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – директору Уларбек Шаршеев, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Согди облусунун төрагасы Раджабба Ахмадзода катышкан.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча №42 Протоколду ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле кыргыз-тажик чек ара аймактарын коргоо жаатында биргелешкен иш-чараларды координациялоо маселелерин талкуулашкан.

«Жолугушуу ачык, достук жана конструктивдүү кырдаалда өттү. Тараптар чек ара коопсуздугун камсыз кылууда эки республиканын ортосундагы кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн активдүү өнүгүү динамикасын, ошондой эле акыркы мезгилде жетишилген эки тараптуу диалогдун жогорку деңгээлин белгилешти. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык эки мамлекеттин элдеринин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерине, ошондой эле биздин мамлекеттердин тынчтыгын, стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуунун негизги фактору экендигине ишенгенин билдиришти. Тараптар ошондой эле чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жумушчу жолугушууларынын протоколдорун ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда прогресске жетишүү боюнча милдеттенмелер ырасталды. №42 Протоколдун пункттарын ишке ашыруу боюнча чаралар комплексин ишке ашырууга багытталган тараптардын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жана компетенттүү органдарынын ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти. Алар кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн, жетишилген макулдашуулардын өз убагында жана толук аткарылышын камсыз кылуунун, ошондой эле чек ара коопсуздугу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: КР УКМКнын Чек ара кызматы 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх