Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду 1-даражадагы «Достык» ордени менен сыйлады

“Казакстан менен Кыргызстандын достугу түбөлүк болсун!”

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго 1-даражадагы «Достык» орденин тапшырганын Акорда билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө Казакстандын башчысы Садыр Жапаровдун эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон зор салымын белгиледи.

 

«Кыргызстан бизди терең жана тарыхый тамырлар менен байланыштырган боордош өлкө. Кыргызстан биздин эң жакын жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Биздин өз ара пайдалуу мамилелерибиз эки элдин бир туугандык байланыштары менен тыгыз байланышта. Мен сиздин бул маселедеги ролуңузду жогору баалайм», - деди казак лидери.

Токаев Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана альянсты кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Түбөлүк достук жана бузулбас бир туугандык эки элдин жаркын келечеги үчүн дагы чыңдаларын билдирди.

«Көп тараптуу байланыштарды чыңдоого салымдын көбү сизге таандык экени талашсыз. Бул сыйлык эки тараптуу мамилелердин тереңдешине салым кошот деп ишенем. Казакстан менен Кыргызстандын достугу түбөлүктүү болсун!” – деди Токаев.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашты мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Казакстанда расмий иш сапары менен жүрөт.

Сүрөт Акорда басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх