Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Өзбекстандын демаркация комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

Жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өттү

Наманган шаарында (Өзбекстан) кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды. Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын аталган аймакка алып чыгуу боюнча тапшырмалар такталды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх