Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү болду

Тараптар Кызматташтык программасына кол коюшуп, Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбек Кулубаев британиялык кесиптешине кызматташуунун потенциалдуу багыттары, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу, алдыңкы технологияларды колдонуу менен сейрек кездешүүчү металлдарды биргелешип иштетүү жана жашыл энергетикага өтүү тууралуу маалымат берди.

Лорд Кэмерон өз кезегинде Улуу Британиянын Борбор Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал ошондой эле экономикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, биздин өлкөдө билим берүү программаларын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Британ тарап ошондой эле ар бир аймакка 19 миллион фунт стерлинг уставдык капиталы менен атайын фонд түзүү аркылуу аймактагы чакан жана орто бизнести колдоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

 

Тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибин жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту. Ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх