Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров 24-25-апрелде Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат

Президенттик администрация пландалган иш-чаралар тууралуу айтып берди

Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары аларды өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгында президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Ошондой эле мамлекет башчылары Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх