Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин башчысынын орун басары Бангладештин элчиси менен жолугушту

Тараптар борбор калаадагы учурдагы кырдаалды талкуулашты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Бангладештин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ислам Мухаммад Монирул менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоодо эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүштү.

Адылбек Бийбосунов элчиге бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандарынын да, өлкөнүн аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин да жарандарынын, өзгөчө студенттердин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чаралар көрүлүп жаткандыгына ишендирди.

Өз кезегинде элчи Ислам Мухаммад Монирул кырдаалдын турукташуусуна үмүт артып, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

 

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх