Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистан ТИМ башчылары жолугуп, кызматташтыкты талкуулады

Министр үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон окуя боюнча тыкыр иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазаланаарын баса белгиледи

21-майда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен анын Астанадан Исламабадга болгон сапарында кыска мөөнөттүү токтоосунун алкагында жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан мамилелерин чыңдоонун негизги багыттары жана приоритеттери боюнча пикир алмашып, өзгөчө эки боордош өлкөнүн саясий диалогун мындан ары чыңдоонун, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатуунун, ошондой эле өз ара соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул контекстте тараптар соода, инвестиция, транспорттук коммуникациялар, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка чөйрөлөргө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн жана энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошол эле учурда, өз ара сооданы диверсификациялоого мүмкүндүк берүчү "САSА-1000" субрегионалдык энергетикалык долбоорун тез арада ишке киргизүү боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыгы баса белгиленди.

Эл аралык күн тартибин талкуулоонун жүрүшүндө Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактык байланышты жана экономиканы чыңдоо үчүн, жаңы транзиттик жолдорду өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Атап айтканда, учурда өз ара соода жүргүзүлүп жаткан Пакистан – Кытай – Кыргызстан –Казакстан аймактык транспорттук коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер улантылууда.

Бул маселелерди алдыга жылдыруу үчүн, тараптар жакынкы мезгилде КР жана ПИР ТИМдеринин ортосунда кезектеги саясий кеңешмелерди өткөрүүнү макулдашышты.

Пакистандык студенттердин Кыргызстанда жүрүшүнө байланыштуу Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын алдындагы ыктыярдуу коомдук уюмдар эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында бир катар иш-чараларды өткөрүшүүдө.

Министр үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон окуя боюнча тыкыр иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазаланаарын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптан ыкчам көрүлгөн чаралар жана күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Фото: www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх