Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Евразия өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов жетектеген делегацияны кабыл алды

Министрлер кабинетинин башчысы Евразия өнүктүрүү банкы менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирип, ЕӨБ 2026-жылга чейинки жаңы стратегиясынын алкагында банк энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында ири долбоорлорду ишке ашырууга, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, жеңилдетилген каражаттарды берүү аркылуу өлкөнүн жеке секторлорун колдоого умтулат деген ишенимин билдирди.

ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов банктын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өткөн жылы операциялардын көлөмү 100 миллион доллардан ашканын белгиледи.

Николай Подгузов ошондой эле 2024-жылы банк Кыргызстанда “Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплекси” жана “Евразиялык транспорттук алкак” мегадолбоорлорунун алкагында, жашыл энергетика тармагында долбоордук иш-чараларды өнүктүрүүгө көңүл бурарын белгиледи коммуналдык, өнөр жай жана санариптештирүү тармактарында кызматташуну улантаарын кошумчалады.

Тараптар кызматташтыкты бекемдөөнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки документке кол коюлду:

- “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалы - Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарынын энергетика системасынын потенциалын калыбына келтирүү үчүн жабдууларды сатып алуу” техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

- Евразия өнүктүрүү банкы менен “Тез Жол” ЖЧКсынын ортосундагы МЖӨ механизмин колдонуу менен “Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду куруу жана тейлөө” долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашуу.

Фото: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх