Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Пакистан тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Алар ошондой эле Пакистандын жабыркаган студенттерине жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистан Ислам Республикасынын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.

Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышкан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.

«Бул кризис эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана өз ара ишенимин сынады. Биз эки өлкөбүздүн дагы да жакындашуусуна эффективдүү чараларды көрүү үчүн бардыгын жасашыбыз керек», — деди Эдил Байсалов.

МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын улук даражалуу өкүлүн Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болооруна, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылаарына ишендирди.

Маектешкендер пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти. Тараптар ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүштү.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх