Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт

Бишкек шаарында 19-25-май аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

 

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх