Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго өз куттуктоосун жолдоду

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары бири-бирин жакшы коңшулук келишимине кол коюлганынын 20 жылдыгы менен куттукташты

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктайм. Өз ара урмат-сыйдын, ишенимдин, ынтымактын жана тең укуктуулуктун негизинде жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл негиз болуп саналат жана биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине терең ишенем.

Жетишилген жыйынтыктарга таянып, биргелешкен күч-аракеттер менен Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да бекемдөөнү камсыздай алабыз деп ишенем. Урматтуу Эмомали Шарипович, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эске сала кетсек, буга чейин Тажикстандын башчысы да Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлганынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх