Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жеенбековдун камералашынан ачык кургак учук оорусу аныкталды

Кемпир-Абад окуясына тиешеси барлар шашылыш билдирүү жасашты

Равшан Жеенбековдун камералашынан ачык кургак учук оорусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Кемпир-Абад окуясы аттуу соттук отурумда саясатчы өзү билдирди.

Бул иш боюнча калган айыпталуучулар Жээнбеков атайылап оорулуу адам менен камерага киргизилген деп эсептешет. Алар укук коргоо органдарынан бул окуяны иликтөөнү талап кылышууда.

«Ушуга байланыштуу биз СИЗОдогу кампирабаддыктардын ден соолугуна жана өмүрүнө чоң коркунуч туудурулганын жарыялоого мажбур болдук. СИЗОго жаткырылгандар кургак учук боюнча тыкыр текшерүүдөн өтүп жатканын өз тажрыйбабыздан билип, Равшан Жеенбеков атайылап коркунучтуу ооруга чалдыгып калыш үчүн ал оорулуу адам менен бир камерага киргизилген деп эсептейбиз. Бул Жээнбековго түздөн-түз зыян келтирүүгө багытталган. Ушуга байланыштуу бул факты иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылып, СИЗОдо жаткан бардык айыпталуучулардын инфекциясы бар же жок экендиги тыкыр текшерилишин талап кылабыз», - дешти иш боюнча башка айыпталуучулар.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх