Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскат Жетиген: УКМКда мени бир саат токко ургузуп кыйнашкан

Активист СИЗОдогу кыйноолор тууралуу маалыматты четке какты

Акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын бүгүн сотто кайрадан билдирди.

Анын айтымында, аны мурда айтылгандай СИЗОдо эмес, УКМКнын Бишкектеги бөлүмүндө беткапчан адамдар кыйнашкан.

Белгилей кетсек, Акын буга чейин күч кызматкерлери башына баштык кийгизип сабап, андан сырткары токко ургузуп кыйнашканын билдирген.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы өз кезегинде Аскат Жетигенге карата физикалык күч колдонулуп, кыйноого алынганы тууралуу маалыматты четке каккан.

«Сүйлөшүү учурунда айыпталуучу Жетиген уулу Аскат СИЗО-1де кармалып турганда ага карата эч кандай физикалык мажбурлоо же кыйноо чаралары колдонулбаганы боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берген. Анын жеке коопсуздугу жана ден соолугу боюнча эч кандай тынчсыздануусу жок, камактагыларга жана СИЗО-1 кызматкерлерине эч кандай дооматы жок», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, акын 16-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кармалган. Ал 2022-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече жолу суракка алынган. Учурдагы камоого акындын сөздөрү боюнча экспертизанын маалыматтары негиз болгон.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх