Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары уран жана торий кендерин иштетүүгө салынган тыюуну алып салууну жактырды

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымат берди.

Уран кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымат берген. Анын айтымында, уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды камтыган 83 кенди изилдеп, иштетүүгө жолтоо болууда. Министр аларды иштетүү өз кезегинде экономиканы жакшыртууга салым кошоруна ишеним артууда.
Ошондой эле ал уранды иштетүү экологияга, калктын ден соолугуна зыянын тийгизбей турганын белгилеген.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 69 депутат "макул", үч эл өкүлү "каршы" добуш берди, документ колдоо тапты.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх