Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу башталды

Министрликтерге жана мекемелерге бир катар тапшырмалар берилди

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу боюнча жыйын өткөрдү.

«Бүгүн биз алдыда турган көптөгөн милдеттердин босогосунда турабыз жана Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга киришип жатабыз, анын алкагында жакынкы 6 жылга планды аныктайбыз», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн акыркы 3 жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктери талкууланып, 2030-жылга чейинки мезгилдеги максаттар жана милдеттер белгиленди.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров өлкөнүн министрликтери менен мекемелерине, ошондой эле президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх