Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров бүгүн Беларуска жөнөп кетет

Министрлер кабинети эмнени пландап жатканын айтып берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, «Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык жыйынына катышуу жана «Белагро-2024» эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылууда.

ЭМПСтин кезектеги жыйынында 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде: Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүк аркылуу ЕАЭБ мамлекеттеринин соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүсү, Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету, чек ара базарларындагы атаандаштыктын абалы жана алар боюнча атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх