Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулуна каршы сотту утту

Сот эл өкүлүн сөзүнөн кайтып, министрге компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна каршы соттошуудан утуп чыкты. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди.

Буга чейин эл өкүлү министрди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыптаган. Ал ошондой эле аткаминерди кылмыштуу элементтерге операция жасаганы үчүн "кара хирург" каймана аты бар деген.

Бейшеналиев депутаттын сөздөрүн төгүнгө чыгарууну жана компенсация катары символикалык 10 миң сом төлөп берүүнү талап кылып, сотко кайрылган.

Сот Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисин колдоп, доо арызды канааттандырды.

«Сот Жусупбек Коргонбай уулун чындыкка дал келбеген маалыматты жокко чыгарууга милдеттендирди жана андан 10 миң сом моралдык чыгым өндүрдү», - дейт Кайсын Абакиров.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх