Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

Апрель айында президент ага сөгүш жарыялаган

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын ММКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Кызматтан кетүүнүн себеби да айтыла элек.

Курманкул Зулушев бул кызматта 2020-жылдын октябрынан бери иштеп келген.

Эске сала кетсек, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх