Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Сауд Арабиясы инвестиция тармагында кызматташат

Тараптар меморандумга кол коюшту

29-майда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева менен Сауд Аравиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалихтин жолугушуусунун алкагында түз инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

УИАнын басма сөз кызматы белгилегендей, кол коюлган меморандум Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиянын ортосундагы инвестицияларды өз ара коргоо боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну түзүүгө карата маанилүү даярдык кадамы болуп саналат.

«Бул меморандумдун алкагында Кыргызстан менен Сауд Аравиясы эки өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалын, преференцияларын илгерилетүү, ошондой эле учурда эки өлкөдө иштеп жаткан компаниялар тууралуу өз ара маалымат алмашуу боюнча кызматташат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Сүрөт УИАнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх