Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев Курманкул Зулушевдин отставкага кетишине комментарий берди

Ал Адахан Мадумаровдун сөзүнө дагы жооп берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы боюнча Фейсбук баракчасына комментарий берди.

«Курманкул Зулушев өз мекенин сүйгөн, мыйзамды так сактаган Башкы прокурор болду. Ал дагы өлкөго көп кызматын көрсөтөт”, - деп жазды Ташиев.

УКМКнын жетекчиси жазган тексттин экинчи бөлүгүндө Адахан Мадумаров тууралуу айтылышы мүмкүн. Буга чейин ал саясатчы Зулушевдин отставкага кетишине комментарий берип, акыркы эки жарым жылда башкы прокурор болуп жүрүп, баарын жаман абалга алып келгенин айткан.

«Сагызган сайрай берет, үнү эч кимге жакпаганын сезбестен, дагы бирди көргүсү келип калса керек, Мекенин саткан чыккынчы болду бул сагызган!» – деп жазды Камчыбек Ташиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх