Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беларуста ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны аяктады

Несвижде (Беларусь) өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Тактап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы №2 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №3 буйругун ишке ашыруу жөнүндө;

- Евразия экономикалык комиссиясынын 2023-жылга трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө жылдык отчету жөнүндө;

- 2023-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх