Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты

Жарлыктарга Садыр Жапаров кол койду

Назарали Арипов Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Жеңишбек Асанкулов Казакстан Республикасынын Шымкент шаарынын, Алматы шаарынын, Жетисуу, Жамбыл, Түркстан жана Кызылорда облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу бар Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх