Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди көрсөттү

Документ социалдык тармактарда пайда болду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлугуна Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөттү. Тиешелүү документ социалдык тармактарда пайда болду.

Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Анын айтымында, бул сунуш Жогорку Кеңешке киргизилди.

Алагөзов ошондой эле ички документти социалдык тармактарга ким таратканы боюнча ички иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

 

Белгилей кетсек, Максат Асаналиев учурда Ош облусунун прокурору кызматын аркалап келет.

Эске сала кетсек, өткөн күнү башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кеткени белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

4-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алууга макулдук берүү маселесин жактырган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх