Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Курманкул Зулушевди “узатты” - видео

Коштошордо ага чепкен жана калпак салтанаттуу түрдө тапшырылды

Кечээ Башкы прокуратурада КР Башкы прокурору Курманкул Зулушевди “узатуу” аземи өттү. Социалдык тармактарда сүрөттөр жана видеолор пайда болду.

Зулушевге коштошуу белеги катары чепкен жана калпак салтанаттуу түрдө тапшырылды.

 

 

Эске сала кетсек, өткөн күнү башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кеткени белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

4-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алууга макулдук берүү маселесин жактырган.

Социалдык тармактардан алынган сүрөттөр

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх