Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш Башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Депутаттар бир добуштан макулдугун беришти

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштап, аны парламент депутаттарына өлкө башчынын парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Максат Асаналиев Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган, юстициянын полковниги. Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте баштаган. Ал 2010-жылдан бери прокуратура органдарында иштеп, президент тарабынан көзөмөл органынын жетекчиси кызматына сунушталганга чейин Ош облусунун прокурору болуп иштеген.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Асаналиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырышты. Макул деп 69 эл өкүлү добуш берди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх