Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Максат Асаналиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды - резюме

Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду

Максат Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн Жогорку Кеңеш анын бул кызматка талапкерлигин жактырды.

Резюме:

Максат Кубатович Асаналиев 1978-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Коо айылында туулган.

2000-жылы Киев мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Класстык чини – юстициянын полковниги.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2001-2003 — УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү;

2003-2004 — УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча улук тергөөчүсү;

2004-2010 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү;

2010-2011 - Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;

2011-2015 — Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү;

2015-2018 - Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр башкармалыгынын начальниги;

2018-2019 - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокурору;

2021-жылы - Башкы прокуратуранын улук прокурору;

2021-2022-жылдары - Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы;

2022-2024 - Ош облусунун прокурору.

Сыйлыктар:

2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы,

2014 - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан жекелештирилген саат,

2022 - Данк медалы.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх