Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Венадагы инвестициялык форумда Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору талкууланат

Акылбек Жапаров Австрияга келди

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров иш сапары менен Вена шаарына (Австрия) келди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат. Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугат.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүнү пландоодо.

 

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх