Кыргызстандын Кувейттеги жаңы элчиси болуп 37 жаштагы Нурлан Токобаев дайындалды
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду
Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Нурлан Токобаев Кувейт эл аралык университетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти болгон. Ал 37 жашта.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз