Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемир-Абад окуясы. Айыпталуучуларга 20 жыл сурашууда.

Бүгүнкү күндө 8 айыпталуучу СИЗОдо отурат

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад деп аталган кылмыш иши боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу тарап бул иш боюнча айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратууну суранды.

Буга чейин айыпталуучулар адвокаттарына кысым болуп жатканын айтышкан. Алар эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылышкан.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон бир катар саясатчылардын жана активисттердин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген негизде кылмыш иши козголду. 27 адам кармалып, СИЗОго киргизилген.

Бүгүнкү күндө 8 айыпталуучу СИЗОдо калды, калгандары үй камагына чыгарылган же өлкөдөн чыкпоо тил каты менен чыгышкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх