Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Amnesty International уюму Рита Карасартованы жана башка “кемпир-абаддыктарды” бошотууну талап кылууда

Карасартованы колдоо үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан 400 миңден ашык кол топтолду

Эл аралык Amnesty International уюму бүгүн Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигине Кемпирабад окуясы деп аталган кылмыш иши боюнча Рита Карасартовага жана башка айыпталуучуларга эркиндик берүүнү жана кылмыш ишин козгоону токтотууну талап кылган 60 миң колду тапшырды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Эл аралык Мунапыс уюму 2023-жылы “Каттар марафону” глобалдык кампаниясынын алкагында дүйнөнүн булуң-бурчунан Рита Карасартованы колдоо үчүн 405 204 кол топтой алганын билдирген.

«Ританы колдоо үчүн топтолгон колдордун саны Кыргызстандагы саясий репрессиядан жапа чеккен Ританы жана башка активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды дүйнөлүк колдоонун жана тилектештиктин далили», - дейт Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйси Вейхердинг.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх