Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талайбек Байгазиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Ал отун-энергетика комплексинин маселелерин көзөмөлдөйт

Талайбек Байгазиев Бишкек шаарынын отун-энергетика комплекси боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Байгазиев мэриянын жаңы түзүлгөн отун-энергетикалык комплекс башкармалыгын жетектейт.

Мэрия белгилегендей, дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы №521 «Райондук резервди жана муниципалдык кадрлар резервин түзүү жана анын иштеши жөнүндө» Жарлыгынын алкагында түзүлгөн муниципалдык кадрдык резервден ишке ашырылган.

Буга чейин Талайбек Байгазиев КРнын энергетика министринин орун басары болуп иштеген.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын «Жылуулук электр борбору» жана «Бишкекжылуулукэнерго» ААК филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өттү. Ал эми муниципалитеттин структурасында отун-энергетика комплекси башкармалыгы түзүлдү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх