Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Кемпир-Абад окуясы боюнча айыпталгандардын баарын актады

Өкүмдү судья Марат Сыдыков чыгарды

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад деп аталган иш боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды.

Белгилей кетсек, сот өкүмүн жарыялоо үчүн журналисттерди залга киргизбей койгон.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо бул иш боюнча 27 айыпталуучуну үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Судья Марат Сыдыков эки сааттан ашык кеңешүү бөлмөсүндө болду. Ал чыгып, айыпталуучуга өкүмдү жарыялады.

Соттун чечими менен бул иш боюнча бардык айыпталуучулар кылмыштын далилдери жок деп акталды.

 

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон бир катар саясатчылардын жана активисттердин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген негизде кылмыш иши козголгон. 27 адам кармалып, СИЗОго киргизилген.

Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандык” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча айып тагылган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх