Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтыкка кол коюлду

Кол коюу аземи Садыр Жапаровдун Бельгияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү

Брюсселде (Бельгия) президент Садыр Жапаровдун жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаровдун жана Европа Кеңешинин Төрагасы Шарль Мишельдин катышуусунда документке Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү – Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Жозеп Боррел жана Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

 

Белгилей кетсек, жумушчу топ документти даярдоону 2019-жылы эле бүтүргөн, бирок ар кандай себептерден улам келишимге кол коюу кийинкиге калтырылган. Эми ага кол коюлгандан кийин Европарламент жана Кыргызстандын парламенти тарабынан ратификацияланышы күтүлүүдө.

Ушундай эле келишимдерге Евробиримдик Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен да кол койгон. Маселен, Казакстан менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими 2020-жылдын 1-мартында күчүнө кирсе, Өзбекстан менен келишимге 2022-жылдын июль айында кол коюлган. Армения менен да 2018-жылдын июнь айынан бери убактылуу колдонулуп, 2021-жылдын мартында күчүнө кирген келишим бар.

Сүрөт президенттик аппараттын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх