Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев ЕККУнун төрагасы Ян Борча менен жолугушту

Тараптар ички чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы Төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Ян Борча менен жолугушту.

Расмий тосуп алуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Андан кийин лидерлер тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жолугушуу бөлмөсүнө барышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальтанын төрагалыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Ян Борчтун президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушуусу пландалган.

 

Сүрөт ТИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх