Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Кытай-КР-Руз темир жол долбоору боюнча келишимди ратификациялады

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган

Садыр Жапаров “Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты биргелешип көмөктөшүү боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде кол коюлган Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча КЭР, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпысынан оң социалдык-экономикалык натыйжа берет.

Президенттик администрация жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын, анын ичинде Түркиянын жана андан ары Европа Биримдигинин рынокторуна жол ачарын белгиледи. Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгын жана убактысын кыскартуу аркылуу эл аралык транзиттик ташуу рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх