Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңешке шайлоо. Кимдер алдыда?

Кечээ Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов райондору боюнча депутаттарды шайлоо өттү

Кыргызстанда 30-июнда Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү болду.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Саат 20.40та 175 (же 98,8%) шайлоо участкаларынан автоматташтырылган башкаруу тутумунан маалымат келип түштү. АСУ маалыматтары добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы болуп эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжалары жана шайлоонун натыйжалары жалпылоо жана добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат, ал бардык шайлоо участкаларында добуш берүү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча маалымат 54 шайлоо участкасынын 52синен (96,30%) келип түшкөн. Добуш берүүгө 28,13% катышып, 25 611 адам добуш берди. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бакытбек Марипов 11 миң 523 добуш (44,99%) менен Ноокат районунда алдыда келе жатат.

 

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча маалымат 60 шайлоо участкасынан (100%) келип түшкөн. 16 миң 424 адам добуш берип, шайлоочулардын 13,36% катышты. Бул округда Жумабек Салымбеков алдыда, ага 10611 шайлоочу (64,61%) добуш берди.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 61 шайлоо округунан маалымат келип түшкөн (100%), шайлоочулардын 22,40%ы катышкан. Айжигит Тыналиев - 3498 (16,04%) добуш менен алдыда.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиялардын протоколдорунун негизинде округдар боюнча шайлоонун натыйжаларын добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (14-июлга чейин) аныктайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх