Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айгүл Текебаева: Нариман Түлеев ар ишемби сайын түрмөгө тамак киргизет

Текебаевдин үй-бүлөсүнө жардам берип жатам деген Нариман Түлеевдин айтканы так эмес, - дейт камакта жаткан саясатчынын жубайы

Нариман Түлеев ар ишемби сайын Өмүрбек Текебаев жаткан колонияга керектүү нерселерди жөнөтүп турат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына “Ата Мекен”  партиясынын лидеринин жубайы Айгүл Текебаева айтып берди.

- Ар ишемби сайын ал Өмүрбек Чиркешовичке тамак жиберип турат. Кеп тамакта деле эмес, анын көңүл бөлгөнүндө. Ошонусуна рахмат, - деди Айгүл Турганбаевна.

“Марал” радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде Түлеев - камакта жаткан Текебаевдин үй-бүлөсүнө такай жардам берип турганын айткан.

- Баштыкка аз эле нерсе батат. Мисалы, койдун жарым эти гана. Ошондо айына 6-7 кой болуп калат. Бул бир топ кыйынга турат, бирок ошентсе да жардам берип атам.

Мисалы, мен түрмөдө жатканда, мага бир банан менен кара нан жөнөткөндөр да болгон. Ким жөнөткөнүн сурасам, атын айткан жок дешти. Нанды карап, ыйлагым келди. Аны пенсионер жөнөтсө керек деп ойлодум. Баарын түшүнөм Бул банан менен нан эркиндиктен келгенин түшүнүп, аны созсүз жейсиң. Ошол себептен колуман келишинче түрмөдө жаткандарга мен жардам берем, – деди Түлеев интервьюсунда.

Айгүл Текебаева болсо анын үй-бүлөсүнө жардам берип жатам деген Тулеевдин сөздөрүн тактап, жардамды Түлеев бир гана анын күйөсүнө жиберип жатканын белгиледи.

Өмүрбек Текебаев учурда №47-түзөтүү колониясында жаза өтөп жатат.

Зулайка Эркимбаева
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх