Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөрдүн катарына Алмамбет Шыкмаматов кошулууда

Депутат өз дарегине айтылган сөздөрдүн баардыгы абсурд жана ал юстиция министри болуп турганда баары мыйзамдуу түрдө болгонун билдирди

Алмамбет Шыкмаматов да Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча жоопко тартылышы керек деп жазган oipikir.com басылмасы далил катары тиешелүү документтерди тиркеген.

Алмамбет Шыкмаматов укук министри болуп турганда Кыргыз Республикасынын “Электроэнергетика тууралуу” мыйзамына ылайык жана “Бишкек жылуулук электроборборун модернизациялоо” долбоору  боюнча сынакка катышкан компанияларды тандоо документине кол койгон.

- “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Шыкмаматов ТЭЦтеги аварияга тиешелүү адамдарды кызматтан кетирүү менен чектелбеш керектигин айтат. Бирок бүгүнкү күндө социалдык тармактарда – аварияга Шыкмаматовдун түздөн-түз тийешеси бар экендигин көрсөткөн документтер пайда болду – деп жазат oipikir.com басылмасы.

Депутат Шыкмаматов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бул айыптоолорду “абсурд” деп атап, Укук министрлигинин каты мыйзам чегинде түзүлгөндүгүн айтты.

- Мыйзам ушундай. Баардык ири энергообъекттер өкмөттүн чечими менен тендерсиз каржыланат. Мисалы, Камбар-Ата, Жогорку Нарын каскады жана башкалар. Бирок долбоорду ишке ашырууда модернизациянын баасы бир кыйла жогорулатылган. Бул модернизациялоону түздөн-түз ишке ашырган энергетиктер жооп бериш керек, - деди эл өкүлү.

Отун-энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев эл өкүлүнүн айткандарына кошулбайт. Ал Vesti.kg сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде төмөнкүлөрдү айтты:

- Ооба, чын эле Шыкмаматов министр болуп турганда аткаруучуларды тандоодо анын мекемеси уруксат берген документтерге кол койгон. Анын министрлиги бул иштин юридикалык жагын текшерүүгө тийиш болчу. Ошондуктан ал дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Келишим ратификациялангандан кийин экономикалык, экологиялык жана юридикалык экспертиза жүргүзүлүшү керек болчу. Ушул расмий документтер менен ТЭЦти модернизациялоого макулдук берилет. Андан сырткары бул долбоорго жоопкерчилиги жана деги эле катышы бар адамдар тууралуу маселе турат. Алардын катарында экс-президент жана баардык премьер-министрлер да бар.

Андан тышкары Умбеталиев - Бишкек ТЭЦин модернизациялоо келишимине катыштыгы бар бир катар депутаттарды дагы атады.

Эмне үчүн парламенттик комиссиянын отчётунда андай иштерге катышкан депутаттар көрсөтүлгөн эмес? - дейт эксперт.

Жогорку Кенештин 5- чакырылышынын 14 депутаты Кытайга TBEA компаниясынын чакыруусу менен барбады беле. Компания алардын тамак-ашын, жатаканасын, бүт баарын төлөп берген. Андан сырткары, такталбаган маалыматтар боюнча, алар белек катары 10 миң доллар жана казинодо ойноо мүмкүнчүлүгүн алган. Өз интервьюсунда Чыныбай Турсунбеков белек алгандарын моюнга алып, бул маалыматты тактаган. Ошондуктан муну саясий пара катары бааласа болот, - дейцт Умбеталиев.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх