Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев vs Түлеев. Кимисине ишенебиз?

Коомчулукта Бишкек шаарынын мурдагы мэри президентке түрмөдөн кат жөнөтүптүр деген маалыматтар пайда болду. Бирок бул окуя эки тарапка тең аброй алып келген жок

Алмазбек Атамбаевге бир нече жолу кат жазып, Нариман Түлеев андан кечирим сураган, - деп Vesti.kg сайтына КСДПнын басма-сөз кызматы билдирип, далил катары анын бир катынын көчүрмөсүн тиркеген.

Өз колу менен жазган катта Түлеев президент Атамбаевди “Алмаз байке” деп атаган жана: “Мени кечирип коюңуз. Менден чоң кемчилик кетти. Үч жылдын ичинде көп нерсени түшүндүм. Ташболот атамдан ажырадык. Апам төшөктө жатат. Бир кезде айттыңыз эле - “иним, мен дагы сага жардам берем деп”. Ошол жардамыңызды сурап жатам, - деп жазылган КСДП тараткан Түлеевдин катындда.

Vesti.kg ой-пикирин билүү максатында Марс Сариевге кайрылды. Саясат таануучунун пикиринде, бул жанжалдан эч ким утушка ээ болбойт.

- Эки тарап тең катуу кетип жатканы байкалууда. Бирок бул талаш-тартыш эки жактын эч бирине аброй алып келбейт. Тилекке каршы, саясатчылардын эң төмөн деңгээлге түшеөнүнө коомчулук күбө болуп жатат.

Vesti.kg менен маектешкен коомдук ишмер Турат Акимов - бул окуяда Нариман Түлеев жеңилип жатат деген пикирде.

- Менин оюмча мындай кичинекей катты жасап чыгуу эч кимдин оюна келбейт. Түлеев түрмөдөн “малява” жазып жаткан мезгилде, бул сакталып калат деп ойлобосо керек.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Фейсбуктагы баракчасына – СДПК жарыялаган бул катка анын эч кандай тиешеси жок экенин жазып чыкты.

«Одоно жасалмалуулук. Мен графологиялык текшерүүдөн өтүүгө даярмын. Минтип айтуу алардын башынан бери болгон деңгээли. Кара пиар жана документтерди жасалмалоо - менин гана ишиме тийиштүү эмес. Жасалмалуулук булардын учурунда эң жогорку деңгээлге жетти. Жасалма документтер менен көптөгөн саясатчылар соттолду, журналистер куугунтукка алынды, сөз эркиндиги кысымга учурады. Жалганчылык жана жасалмалуулук мамлекеттик саясаттын башына чыкты, - деп жазат саясатчы.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх