Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темир Сариев: Атамбаев эски гвардия деп өзүн айтып жатса керек

Экс-премьер-министр – мурдагы президент өзү менен кошо ала кетем деген эски саясатчылардын катарына кирбейм дейт

Бул тууралуу Темир Сариев Vesti.kg сайтына өзү билдирди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев эски гвардия деп өзү тууралуу гана айтып жатат окшойт дейт ал.

- Мен өзүмдү эски гвардияга кошпойм. Эгер кимдир бирөө ушундай деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз азыр жашпыз. Ден-соолук бар, күчкө толуп турабыз. Ошондуктан өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн мындан ары иштей беребиз. Ал эми экс-президент эски гвардия деп өзүн эле айтып жатат окшойт. Мына, өзү убада бергендей эле, кетти го, - дейт Темир Сариев.  

Белгилей кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында президент Алмазбек Атамбаев журналисттерди куттуктап жатып, эски саясатчыларды өзү менен кошо ала кете турганын айткан.

- Талкалагандан башканы билбеген саясатчылар бүгүн бар, эртең жок. Бирок, кудай буюрса, эски гвардиянын баардыгын өзүм менен кошо ала кетем, - деп айткан экс-президент.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх