Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев: Жакынкы жылдарда Кыргызстан оңой жеткиликтүү Интернет менен толук камсыз болот

Премьер бул тармактагы жумушчуларды кесиптик майрамдары менен куттуктады

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев байланыш тармагындагы кызматкерлерди кесиптик майрамы болгон - байланыш кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө анын куттуктоо текстин келтиребиз:
 
"Баарыңыздарды байланыш кызматынын 70 жылдык юбилейи менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан куттуктайм!
 
1948-жылы Кыргызстанда биринчи жолу 4 радиорелейлик станция ишке киргизилген жана ошондон бери өлкөнүн бул сектору күрдөөлдүү өнүгүп жатат.
 
Өмөттүн "Ынтымак, ишенич жана жаратмандык"  программасынын алкагында байланыш тармагына бир катар приоритеттүү багыттар каралган: өлкөнүн аймагында цифралык коммуникациянын инфраструктурасын өнүктүрүү, бардык региондордо радиотолкундарды кеңейтүү, шаардын райондорунда акылдуу жана коопсуз инфраструктураны телекоммуникацияга негизделген сервис аркылуу өнүктүрүү.

Жакынкы жылдарда өлкө оңой жеткиликтүү Интернет жана цифралык берүү менен толук камсыз болот.
 
Байланыш кызматкерлеринин талбаган аракеттеринин аркасында биз кыска аралыкта аналогдук берүүдөн цифралык берүүнүн форматына өттүк.
 
Ушул тармактын ветерандарына згөчө ыраазычылык билдиргим келет. Алар бул тармакка өздөрүнүн билимин, эмгегин жана кайратын сарташкан.
 
Байланыш секторун өнүктүрүү үчүн кесипкөйлөрдүн биргелешкен эмгеги талап кылынат. Биз сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана талыкпаган эмгегиңиздер өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат деп ишенебиз.
 
 Урматтуу байланыш кызматикерлери, сиздерди чыгармачылык ийгилик жана инновациялык идеялар  коштоп жүрсүн. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт ден соолук жана бакыт каалайм!"
 
Өкмөттүн аппаратынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх