Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК нын мүчөсү: Аида Салянованын мандатын өткөрүп бериш керек

Клара-Гульнара Саматтын жарандыгын текшерүү атайылап создуктурулган

Аида Салянованын мандатын Клара-Гульнара Саматка өткөрүп берүү маселеси БШКнын төрайымы тарабынан атайылап создугуп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Борбордук шайлоо комитетинин мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын сөзү боюнча, парламенттин депутаттыгына талапкерде  Россиянын жарандыгы бар же жок экендигин тастыктаган документ БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын демилгеси менен токтоп турат.

-Кош жарандуулугун аныктаган документ жок болгондон кийин мандатты создуктурбай бериш керек болчу, - дейт Кайрат Медербекович. Мен муну Нуржан Шайылдабековага да БШКнын мүчөлөрүнө да угуздум.Мен жеке өзүм эч кандай документ күткөн жокмун, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт дедим.

Аида Салянованын мандаты үстүбүздөгү жылдын 3-мартында мөөөтүнөн мурда токтотулгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Менин көз карашымда текшерүүгө эч кандай негиз жок,-дейт Осмоналиев. Анын үстүнө Клара-Гульнара Саматтын кош жарандуулугун текшерүү арызын берген ишкана арызын кайра чакыртып алды. А бул текшерүүлөрдүн баарын БШКнын төрайымы өзү уштуруп жатат, комиссия мүчөлөрүнөн эч ким муну дайындаган эмес.

Клара-Гульнара Самат мурда БШКнын төрайымы кызматын аркалаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх