Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Эл өзүнө жакпаган депутатты кайра чакыртып алууга укугу болушу керек"

Парламентти эл алдында жооп бердире турган Конституциялык норманы калыбына келтиргенге болобу?

Он жыл мурда шайлоочулар өздөрүнө жакпаган Жогорку Кеңештин депутатына берген добуштарын кайра  артка алышып, мандатын алдырып салууга укуктары бар болчу.

Жарандык активист Зульфия Марат Конституциянын ушул нормасын негизги мыйзамга кайра алып келүүнү сунуш кылды.

"Конституцияда бийликтин булагы эл деп жазылган, бирок эл качан толук бийликке ээ болот ? - деди юрист Чолпон Жакупова. - "Бардык саясатчылар жана бийликтегилер 4-5 жылдын ичинде шайлоо күнү гана элден көз каранды болушат".

Чынында эле активисттин айткандары туура, элдер  4-5 жылда бир күн гана бийлик булагы болуп калбаш керек.

"Конституцияга шайлоочуларды кайра чакыртып алуу укугун алып келишибиз керек, - деп жазат ал Facebook баракчасына. - Бул өтө маанилүү жана керектүү нерсе.  Эл өзүнүн укугун керек болгон учурда пайдаланыш керек, ошондо гана депутаттар эл алдында жооптуу болушат!".

Депутат Исхак Масалиев мындай Конституциялык норма  парламенттик шайлоо бир мандаттык системада өткөн убакта бар экендигин жана ал бир да жолу иштебегендигин айтты.

- Азыр партиялык тизме менен депутаттар шайланышат, ал норманы алып келгенге эми мүмкүн эмес, - дейт ал  Vesti.kg сайтына берген маегинде. Мен 2007-жылы муну сунуштаганымда көпчүлүк коллегаларым мени колдошкон эмес, анткени бул нерсе партиянын ичиндеги коррупцияны күчөтүп жиберет.

Партиялык тизмеде жетекчиликке жаккан гана мүчөлөрдү алып келишет дегенге жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов макул болду. Анын айтымында Жогорку Кеңеште тизмени каалагандай калчаган саясий мафия бар.

- Элдер жакпаган эл өкүлүн кайра чакыртып алышы керек деп ойлойм, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бардык эле өлкөлөрдө саясатчылар мыйзамдарды өздөрүнө ыңгайлаштырып алышат. Мисалга алсак Ата Мекен партиясы көп мандат алабыз деп персоналдык системадан баш тартышкан болчу, бирок жыйынтыгында аз алып калышты.

- Партиялык система негизи элдин пайдасын көздөп түзүлгөн болчу,- дейт конституциялык укуктун эксперти Тамара Ганиева.

- Бул даяр система, мисалы, мен өзүмө жаккан партияны, идеяны корүп турам. Бирок бул партиянын ичинде мага жакпаган да адамдар кошо келишет. Ал эми мага жаккан адам тизмеде жүзүнчү болуп турат, демек ал парламентке бара албайт. Башкача айтканда мен ал адамга добушумду бере албайм,- дейт ал Vesti.kg сайтына.

Ганиева юрист жана жөн эле жаран катары персоналдык системаны кааларын айтты.

Бирок азыр Зульфия Марат сунуш кылган норманы алып келүү мүмкүн эмес. Себеби ар кандай тоскоолдуктар болуп, көп нерселерди алмаштырууга туура келет, бул өтө татаал нерсе, - дейт Ганиева.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх