Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин төртүнчү жолу Россиянын президенти болду

Кремлде инаугурация шаан шөкөтү болуп өттү

Владимир Путин Россия Федерациясынын президенти катары ант берди. Инаугурация аземин россиялык ММКлар берип турушту.

Төртүнчу ирет Россиянын мамлекет башчысы түз эфирде өзүнүн жумушчу кабинетинен чыгып, Кремлдин Чоң сарайына келип кирди. Бул жолкусунда ал биринчи жолу россиялыктар чыгарган "Кортеж" сериясындагы лимузинге түшүп келди.

Сарайдын Андреевдик залына мамлекеттик тууну жана президенттик штандартты, Россиянын Конституциясын Россия Президентинин белгисин алып киришти. Андан соң сценага үч биликтин белгиси катары Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин жана Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькиндер чыгышты.

"Россия Федерациясынын президентинин милдетин алып жатып Россия Федерациясын урматтоого жана адам укуктарын коргоого, адам эркиндигин  жана Россия Федерациясынын Конституциясын коргоого, суверенитетти сактоого, мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн сактоого, элге ак кызмат кылууга ант берем", - деп текстти окуду.

Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зорькин атайын президенттик белгини Владимир Путинге тагып, анын президенттик кызматка киришкендигин жарыялады.

Путин 18-марттагы шайлоодо 76,69 % добуш алып жеңип чыкты.

Владимир Путин өлкөнү 2000, 2004, 2012-жылдары башкарып келген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх