Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП Албек Ибраимовду колдоп митинг уюштурууну көздөбөйт

Бишкектин мэриясы да эч кандай акция тууралуу кабары жок

КСДП нын мүчөлөрү май майрамдарынан кийин Бишкек мэри Албек Ибраимовду колдоп митинг уюштуруу ойлорунда жок экендигин партиянын мүчөсү Vesti.kg сайтына билдирди. Мындай маселе партия мүчөлөрүңүң ортосунда да талкууланбагандыгы белгилүү болду.

Эч ким бул акция тууралуу билбейт, бул жөн эле ушак болсо керек,- дейт КСДП мүчөлөрү.

"Вечерний Бишкек" өз булактарындагы шилтемесинде, май майрамдары өткөн соң социал-демократтар Бишкек мэри Албек Ибраимовду колдоо иретинде митингге чыгышаарын билдирген.

Мындай планга негиз бар, себеби акыркы убактарда шаарбашчы менен анын жардамчысына карата айтылган сындар  активдүү болуп баратат… Бирок мэрдин өзү кызматтан кетейин деген түрү жок.

Ошол эле убакта мериянын Vesti.kg сайтына билдирүүсүнө караганда  муниципалитеттин адресине партиядан андай билдирүү келип түшкөн эмес.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх